Бишкекте 26 жаштагы Бадиридин уулу Жыргалбек дайынсыз болууда

Бишкекте Бадиридин уулу Жыргалбек изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 2-январда карындашы кайрылып, 1997-жылы туулган агасы ошол эле күнү ЦУМдан чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Учурда анын жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 500 60-70-67 номуруна чалсаңыздар болот.