Өлкөдө 272 мотоцикл айып короого киргизилди

Өлкө аймагында 11-22-сентябрь аралыгында рейд өткөрүлүп, жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан иш-чара мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жүргүзүлгөнүн маалымдашты.

Алардын ичинен:

  • 243 мото айдоочу тийиштүү докумменттери жок болгон;
  • 521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
  • 2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган.
  • 985 мото айдоочу жолдун туура эмес жерлеринен айдашкан.
  • 166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.

Тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.