Эртең, 7-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанынын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.