Бишкекте 29 жаштагы Сталбек уулу Солто апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкектеги Свердлов РИИБ тарабынан Сталбек уулу Солто изделип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-апрелде Свердлов РИИБге дайынсыз болуп жаткан жарандын апасы кайрылып, анын 22-апрелде саат 18:00 чамасында Учкун кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сурап кайрылган. Аталган факты каттоого алынган.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, толук дене түзүлүштө, чачы кыска.

Кийген кийими: топу, көк түстөгү свитер, кара ветровка, кара спорттук шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо, 0 702 49-88-88, 0 772 84-73-36, 0 557 11-94-10, 0 709 33-24-63 номурларына кайрылсаңыздар болот.