Бишкекте 3 эм төрөгөн келин: «Бизге да үй берип койсо жакшы болмок»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы Анаркүл Камчыбек кызы кайрылып, ушул жылдын 2-январында Бишкектеги 4-төрөтканада 3 эмди жарыкка алып келгенин айтты.

«Үчөө тең кыз. Аттарын Нагима, Айыма, Элима койдук. Жалпы 6 балабыз бар. Жолдошум таксист болуп иштейт. Кыздар төрөлөрүнө аз калганда шарты жакшыраак батирге көчүп барганбыз. Азыр үйүбүз жок, батирде жашайбыз. Жөлөк пул да чегеришкен жок. Бизге да үй берип койсо жакшы болмок. 

Бишкек мэриясы тарабынан убагында сүйүнчү акча деп 150 миң сом алганбыз. Социалдык камсыздоо 90 миң сом берген. Учурда жолдошум эле иштейт, анын тапканы балдарды бакканга жетпейт», — деди келин.