Бишкектин Перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Ысык-Көлдөн келген келин 8-июлда көз жарган.
Ымыркайлардын үчөө тең кыз, салмактары 2,3 жана 2,5 килограммдан. Дарыгерлер келин анемияга карабастан аман-эсен төрөп алганын, азыр эне менен кыздардын абалы жакшы экенин айтышты. Бул келиндин бешинчи төрөтү.