«Абалы канааттандырарлык». Бишкекте 3 эм төрөлдү

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 11-мартта үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

27 жаштагы келин 3 эркек ымыркай төрөгөн. Алардын салмагы: 1 килограмм 360 грамм, 1 килограмм 280 грамм жана 1 килограмм. Үч эм операциясыз төрөлгөн. Бирок дээрлик бир ай ооруканада дарыланышкан.

«Ымыркайлар учурда борбордо. Бүгүнкү күндө алардын абалы канааттандырарлык. Эне-балдарды борбордон 9-апрелде чыгаруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.