Бишкекте 3 миң сомдон көмүр саткан кошумча кампа ачылды. Дареги

Бишкек шаарынын Дэн Сяопин, 306/2А дарегинде кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды. Бул жерден да көмүрдүн бир тоннасын 3 миң сомго сатып алууга болот. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынан билдиришти.

Кечээ, 16-ноябрда Мурманский көчөсү, 1Б/1 дарегинде сатылып баштаган, бирок калк тарабынан көмүр сатып алуу суроо-талабы жогору болгондуктан, кошумча дагы бир кампа ачылды.

Маалыматка караганда, азырынча чектөө бар. Тактап айтканда, бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат.