Бишкекте 33 жаштагы айымдын ашказанынан 1 килограмм чач алынды

Бишкекте 33 жаштагы айымдын ашказанынан 1 килограмм чач алынды. Бул тууралуу Улуттук хирургиялык борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда 33 жаштагы аял жүрөгү айланып, ичи ооруп жатканын айтып ооруканага кайрылган. Бейтап үч айдан бери кыйналып жүргөн. Текшерүүдөн өтүп, операциядан чыккандан кийин анын ашказанынан көп жылдан бери чогулуп калган чач чыккан.

Белгилүү болгондой, бейтаптын өзүнүн чачын жута берген адаты болгон. Анын натыйжасында, ашказанда чогулган чачтын салмагы 1 килограммга жеткен.