Бишкекте 33 мектеп жана 1 бала бакча карантинге жабылды

Бишкекте 25 мамлекеттик, 8 менчик мектеп жана 1 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.

Убактылуу онлайн окутуу режимине өткөн мектептер: Свердлов району (4, 5, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52), Биринчи май району (6, 18, 28, 29, 48, 70), Октябрь району (17, 26, 88, 62, 60, 73, 61), Ленин району (9,13). Менчик мектептерден да карантинге жабылгандары бар, алардын саны 8. Андан тышкары №135 бала бакча (Октябрь району) карантинге жабылган.