Бишкекте +37 градус. 16-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 16-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +35…+37 градус болот.