Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33.

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +37…+39 градус болот.