Бишкекте 4-ноябрдан 7-ноябрга чейин троллейбустук каттамдар токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бул Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитин өткөрүүгө байланыштуу. Иш-чаралар аяктагандан кийин троллейбустук каттамдар кайрадан иштей баштайт.