Кечээ, 20-декабрда Бишкек шаарында аба ырайына байланыштуу 5 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 4 муниципалдык автобус жолдон чыгып кеткен, бир учурда жеңил унаа муниципалдык автобусту сүзгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
«Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенди. Белгилей кетсек, 4 автобус эч кандай техникалык зыянга учураган эмес жана бүгүнкү күндө кадимки режимде шаардыктарды тейлеп жатат», — жазылат билдирүүдө.
Кошучалай кетсек, бүгүн «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын 1041 автобусу каттамда.
Ошондой эле жарандар коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөй алышат.