«Бишкекте +40 градус ысык болот». 25-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 25-июлда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондорунда жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +30…+35,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +35…+40 градус болот.