Бишкекте 4700 сомдон көмүр сатыла баштады. Дареги

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан Ден-Сяопин, 306 б дарегинде 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулду. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2-сентябрдан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылууда. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.