Бишкекте 5 жаштагы баланын сол өпкөсүнө оюнчуктун сыныгы кирип кеткен (сүрөт)
Бишкектеги балдар хирургу Калыбек Мыкыев 5 жаштагы баланын өпкөсүнөн оюнчуктун сыныгын алып чыкканын жазды.
"Ата-энелер, балдарга, өзгөчө кичине жаштагыларга көз салсаңар. Алар баарын оозуна салат, какайт, аны айтпайт. 2 жылча ар кайсы ооруканада дарыланган 5 жаштагы баланын сол өпкөсүнөн оюнчуктун капкагын араң алып чыктык. Бала эми көптө өзүнө келет. Оорулуу болуп калышы мүмкүн", - деп жазды ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="161661,161662"]