Бишкекте 5 жаштагы баланын сол өпкөсүнө оюнчуктун сыныгы кирип кеткен (сүрөт)

Бишкектеги балдар хирургу Калыбек Мыкыев 5 жаштагы баланын өпкөсүнөн оюнчуктун сыныгын алып чыкканын жазды.

«Ата-энелер, балдарга, өзгөчө кичине жаштагыларга көз салсаңар. Алар баарын оозуна салат, какайт, аны айтпайт. 2 жылча ар кайсы ооруканада дарыланган 5 жаштагы баланын сол өпкөсүнөн оюнчуктун капкагын араң алып чыктык. Бала эми көптө өзүнө келет. Оорулуу болуп калышы мүмкүн», — деп жазды ал.