Бишкекте 5-кабаттан кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат

иллюстрация

ӨКМ бүгүн маалымат таратып, Бишкекте 18 жаштагы кыз көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан кулап түшкөнүн билдирген эле. Октябрь РИИБинен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-февралда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Исакеев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан жаш кыз кулаганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, анын аты-жөнүн тактап, анын 2003-жылы туулгандыгын аныкташкан. Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Кыз учурда Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.