Кечээ, 5-мартта саат 03:50 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 5-кабаттан секирип, окуя болгон жерде каза болгон аял тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Окуя болгон жерге райондук милициянын жетекчилиги чыгып, маркумдун аты-жөнү такталган. Ал 1967-жылы туулган аял болгон. Бул факты Свердлов РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүү жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.