Бишкекте 5 мектеп, 2 университет жана 1 лицей эвакуацияланды

Бишкекте жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам 2 университет, 1 лицей жана 5 мектеп эвакуацияланды. Журналисттерге Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бардык билим берүү мекемелеринин аймактары курчоого алынып, саперлор иштеп жатат.

Бүгүн №67, 90, 63, 51 жана 17 мектептерде, БААУ лицейинде, КРСУнун юридикалык факультетинде жана КМТУда жардыруучу зат экени тууралуу билдирүүлөр түшкөн.