Бишкекте 50 жылдан ашык убакыт чогуу жашаган түгөйлөрдү куттукташты (видео)

Көп жыл чогуу жашаган жубайлар эсте каларлык датаны белгилешти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Биринчи Май районунда жашаган 14 жубай Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршынын коштоосунда маараке Ардак китебине кол коюшту. Карылардын эл аралык күнүн белгилөөнүн алдында Бишкектин Бакыт ордосунда бриллиант, изумруд жана алтын үлпөт тоюн белгилеп жаткан жубайлар маараке белгилешти.

Майрамдык салтанаттын катышуучуларын Биринчи Май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова куттуктады. “Шаттык” бий ансамбли жана балдар чыгармачылык борбору майрамдык маанай тартуулап, ошондой эле Эл артисти Бакыт Ыбыкеев өзүнүн репертуарындагы популярдуу ырларын аткарып берди», — деп айтылат маалыматта.