Бишкекте 6 чакырымдык асма жол куруу пландалууда

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.
“Манас проспектисинен бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейинки узундугу 6 чакырым, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган Асма жолдун курулушу каралууда. Бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди”, — деди калаа башчысы.
Азыркы учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме Ропвей (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде ушундай долбоорлорду ишке ашырган (Германия, Италия, Индия).