Бишкекте Кенжебү Кулматова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 14-майда анын кызы кайрылып, 1963-жылы туулган апасы ошол эле күнү саат 07:30 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген.
«Үйдө кийген кийими менен чыгып кеткен. Психикалык жактан жабыркайт. Эс-тутуму начар»,- деп айтылат маалыматта.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, (0312) 35-29-47, (0312) 35-26-05, 0 777 229 810 номурларына чалсаңар болот.