Бишкекте 7-кабаттан кулап, көз жумган жарандын аты-жөнү тактала элек

Бүгүн, 15-апрелде ӨКМ маалымат таратып, Бишкектин Октябрь районунда эркек киши 7-кабаттын терезесинен кулап көз жумганын билдирген. Ал 1-кабаттын чатырына түшүп, көз жумганы маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маркумдун аты-жөнү тактала электигин билдиришти.

«14-апрелде Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн биринин 7-кабатынан эркек киши кулаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, эркек кишинин жансыз денесин аныкташкан. Кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Факт каттоого алынган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат»,— деп айтылат маалыматта.