Бишкекте 73 жаштагы кишинин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Бишкектеги батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 20-декабрда ӨКМге Октябрь районунун 7-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин эшиги бекилип, батирдин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 73 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.