Бишкекте 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады

Бишкекте 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Карыя Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жашайт жана Ынтымак айыл чарба холдингинин жоюу комиссиясынын экс-төрагасы. Ал жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ага карата козголгон No75-03-19 кылмыш ишин кароону талап кылат.

“Эгерде мен акция учурунда өлүп калсам, анда жоопкерчилик президенттин мойнунда болот.  Ошондуктан, менин арызымды кабыл алып, чара көрүңүз”, — дейт Досумбай Дүйшалиев.

Октябрь райондук соту 2020-жылдын 19-февралында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кароодон баш тартканы белгилүү болду.