Бишкекте 77 чек арачыга үй берилди

77 жаңы батир УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Батирлер Маликов, 91 дарегинде мурдагы 47-колониянын ордунда жайгашкан. Ипотекалык компаниянын программасы боюнча курулган.

Анын айтымында, ушул айда дагы 180 чек арачы жаңы үй алышат.