Бишкекте 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын алып чыгышты

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 2017-жылы төрөлгөн баланын ашказанынан 10 сомдук тыйынды эндоскопиялык жол менен алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Процедура борборго жакында тапшырылган заманбап SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалган. Жаңы аппарат мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кичинекей бейтаптарга тез жана пландык жардам көрсөтүүдө жаңы деңгээлге чыгууга өбөлгө түзөт.

Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымында, ичеги-карын жана дем алуу жолдорунда бөтөн заттын болушу менен кайрылган учурлар аз эмес.

«Бизге жумасына 3-4 бала ушундай учур менен кайрылат. Жаңы эндоскоп сыяктуу жогорку тактыктагы жабдыктар жаш бейтаптарга өз убагында жана аз инвазивдүү жардам көрсөтүү үчүн өтө маанилүү», — деп белгиледи адис.

Жабдуулар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен алынган.