Бишкекте 8-кабаттан боюн таштаган жигит. ӨКМ эмне үчүн батут, тент жайбаганын түшүндүрдү

Кечээ, 27-октябрда Бишкекте 22 жаштагы жигит 8-кабаттан боюн таштап көз жумду. Бирок коомчулук ӨКМ жетиштүү деңгээлде жардам көрсөтө албаганын айтып чыгышты. ӨКМ бул боюнча үн катты.

«Жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит өз жанын кыюуга бел байлаган экен. Биз ага жардам берүү үчүн бардык, бирок ал биздин жумушчуларды жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын тенттер бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинисттик куралдар жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, жанына жолотпой койду. Социалдык тармактын колдонуучулары батуттарды орнотсо болот дешет, бирок бул жардам бербейт болчу. Мындай бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секирип, аман калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок андай болгон эмес. Ар кандай нюанстар болушу мүмкүн. Эгерде биз ага жакындасак, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психолог, анын туугандары болгон, ал да атасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”, — дешти министрликтен.