Бишкекте 8-майда аскердик парад өтөт

8-майда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өтөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Парад Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн өздүк курамынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын катышуусунда болот.

Парадды даярдоо жана өткөрүү Коргоо министрлигине жүктөлдү. Иш-чараны уюштурууга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүшү керек.