Бишкекте 9-апрель күнү калкты тейлөө боюнча эң ири борбор ачылат

9-апрелде Бишкекте калкты тейлөө боюнча эң ири борбор ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, калкты тейлөө борбору Бишкектеги «Эльдорадо» соода түйүнүндө жайгашкан. Ал жакта ишкерлерди тейлөө борбору да болот.

«Алар заманбап, учурдун талабына жооп берген борборлор болот. Мындан тышкары бир топ райондордо да калкты тейлөө борборлору ачылат. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Мунун баары кезектерди жоюу, кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү багытында жасалууда. Ошондой эле Калкты тейлөө борборлору эми 6-күнү да иштешет. Бул да болсо эл үчүн жакшы жардам болот деп ойлойм», — дейт премьер-министр Улукбек Марипов.