Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында адам өлтүргөн шектүү кармалды, деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөз кызматы. Адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат милицияга 31-январда саат 20:00 чамасында түшкөн.

Айтылган дарекке барган Ленин РИИБдин ыкчам тобу күч колдонулган белгилер бар эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Төш тарабы жабыркаган маркум 1974-жылы туулган Н.Т. экени белгилүү болду.

Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголуп, ыкчам иштердин жыйынтыгында Ленин РИИБ, Бишкек ШИИБ жана ИИМдин кызматкерлери шектүүнү кармаган. 1973-жылы туулган Г.А. камакка алынып, тергөө иштери уланып жатат.