Бишкекте адашып жүргөн бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери адашып жүргөн дагы бир баланы таап, үй-бүлөсүнө өткөрүп беришти.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 11-майда саат 16:30 чамасында Жаш Гвардия менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей бала жоголду деген маалымат түшкөн. Ал жерге барган кайгуулчуларга 1988-жылы туулган аял киши кайрылып, 5 жаштагы уулун жоготконун айткан.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн кайгуулчулар адашып кеткен баланы көп узабай табышты. Анын абалы жакшы.