Бишкекте адашып кеткен 7 жаштагы кыздар табылды

30-апрелде Ленин РИИБге А.Н. жана К.А. аттуу жарандар арыз менен кайрылышкан. Анда ошол эле күнү саат 19:30 чамасында 2017-жылы туулган Ж.Х. жана 2017-жылы туулган А.Б. аттуу кыздары Жаш Гвардия бульварында жайгашкан үйүнүн короосунда ойноп жатып, адашып кетишкенин билдирип, таап берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Милиция кызматкерлери дароо бардык издөө иш-чараларын уюштуруп, натыйжада Бишкек шаарынын аймагынан бир нече сааттын ичинде кыздары табылып, ата-энесине тапшырылды. Кыздардын ата-энелери милиция кызматкерлерине ыкчам издөө иш-чаралары жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.