Бишкекте Адыл уулу Жолболсун изделип жатат. Аны акыркы жолу 23-мартта көрүшкөн

Милиция тарабынан дайынсыз болуп жаткан Адыл уулу Жолболсун изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган жигитти акыркы жолу 23-мартта «Айчүрөк» соода борборунан көрүшкөн. Азыркыга чейин анын жүргөн жери дайынсыз болууда. Факты каттоого алынган.

Белгилери: бою 170-172 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө, көзү күрөң.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-19, 0 702 49-8888 номурларына кабарласаңыздар болот.