Бишкекте Ахунбаев көчөсү 18-июнда ачылат

Борбор калаада Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди. Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат.

Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштерди жүргүзүп жаткан подрядчик «ДорСтройГрупп» ЖЧКсы. Ишкана оңдоо иштерин мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүргөн.

Муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:

— Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;
— Ж.Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен А.Масалиев көчөсүнө чейин;
— И.Ахунбаев көчөсү менен Ч.Айтматов проспектисинен Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин;
— М.Горький көчөсү менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

— Юнусалиев көчөсү менен Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.