Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 7 күнгө жабылат

Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин толугу менен 1-июндан 8-июнга чейин толук жабылат.
Буга чейин шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында унаа жолу кезек-кезеги менен жабылган. Жол жабылгандан кийин унаа жолунун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат. Ошондой эле жолдун негизин асфаль-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.