7-Апрель көчөсүндө жүк ташуучу унаанын айдоочусу бийиктикти чектөөчү белгини сүзүп өткөн. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Натыйжада, жолдо убактылуу тыгын пайда болгон. Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери барып, жол кыймылын калыбына келтиришип, айдоочу менен профилактикалык маектешүү жүргүзүшкөн. Жабыркагандар жок.