Бишкекте айдоочуларга эскертүү катарында жол кырсыгынан кийинки унаалар көрсөтүлдү (видео)

Айдоочуларга жол кырсыгынан кийинки унаалар көрсөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жыл башынан тартып, үч ай ичинде өлкө аймагында 1364 унаа кырсыгы катталып, 1965 жаран ар кандай жаракаттарды алышып, 99 жаран жол кырсыгынан көз жумган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыгы 8 пайызга, жаракат алгандар 7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар 20,8 пайызга азайганы менен адам өмүрү орду толгус чоң трагедия.

ИИМдин башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, айдоо маданиятын калыптандырууга, айдоочуларга “Өмүр бир келээрин, аны жол кырсыксыз татыктуу өткөрүү керек” экендигин психологиялык аң сезимине жеткирүүгө үгүттөгөн “Адам жаны-аманат” аттуу акциясын өткөрүштү.

Анда жүрөк ооруткан оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыгына кабылган унааларды эвакуаторлорго жүктөп, шаарды кыдыртып, айдоочуларга эгерде ылдамдыкты сактабаса, мас абалында унаа башкарса, жол чырактарга баш ийбесе, карама-каршы тилкелерге чыгып айдаса, автоээнбаштыктарды жасаса, жол эрежелерин так сактабаса жыйынтыгы мына ушундай жол кырсыктарына алып келээрин көрсөтүп, эскертишти.