Бишкекте айрым автобус жана кичи автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрөт

Борбор калаада автобус жана кичи автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

25-июлдан 5-августка чейин Гоголь көчөсүндө Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин жер иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү:

— №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

— №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

— №131 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.

— №121 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.