Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталган. Бул иштердин алкагында Ауэзов көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнөн Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү 2025-жылдын аягына чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейтилет, тротуарлар жана транспорт каражаттары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө байланыштуу төмөнкү коомдук транспорт каттамдарынын багыттарында өзгөрүүлөр киргизилди:
• №7
• №36
• №48
• №105
• №216