Бишкекте Айт намазы аянтта эмес, мечиттерде окулат

Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугу эске алынуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума мечиттеринде окулат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Айт намаздын программасы:

Саат: 06:15-07:25 баяндар;

Саат: 7:25-7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;

Саат: 7:30 Орозо айт намазы.