Бишкекте ак элечек кийген апалардын маршы болуп өттү (сүрөт)

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргызстан пенсионерлер партиясы менен биргеликте 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Баатыр энелердин жөө жүрүшүн уюштурду.

Айымдар улуттук кийимдерди кийип чыгышты. Алар «Ала-Тоо» аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басышты. Жүрүшкө Кыргызстандын бардык облустарынын өкүлдөрү, ошондой эле Эмгек министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, өлкөнүн акын-жазуучулары катышты.

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөзүндө президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” биринчи жарлыгына ылайык улуттук маданиятты жана каада-салтты жайылтуу мамлекеттик социалдык өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.