Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль өтөт

Бишкекте акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чара 17-18-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот. Спектакль саат 18:00дө башталат.

Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жашында көз жумган. Ал «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында жана «Азаттык» радиосунда иштеген.