Бишкекте Аламүдүн районунун тургундары митингге чыгышты

Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарынын митинги өтүүдө. Анда тынчтык митингине чогулган айыл тургундары ичүүчү суу маселесин чечип берүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.  Бул тууралуу T-Media социалдык тармактагы түз эфиринде жарыяланды.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, биз Таш-Дөбө айылынын тургундарыбыз. Айылдын калкы жылдан жылга көбөйүүдө, бирок суу жетишсиз. Бардык түтүктөр, скважиналар эскирген. Айлабыз жок сизге кайрылып, бизге көңүл бурууңузду суранабыз. Суусуз отуруу абдан оор болуп жатат», — деди митингдин катышуучуларынын бири.

Таш-Дөбө айылынын дагы бир тургуну белгилегендей, бийлик көп жылдан бери таза суу түтүктөрүн реконструкциялоону убадалап, бирок аны аткарбай келишет.