Бишкекте алгачкы жолу скейтпарк ачылды (сүрөт)

Бишкекте скейтпарк ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кыргызстандагы биринчи скейтпарк Ынтымак-2 паркынын аймагында жайгашкан. «Жаңы спорт зонасы бардык шаар тургундары үчүн белек. Скейтпарк демөөрчүлөрдүн каражатына курулду. Скейтпаркты Октябрь районунун акими Азамат Дороев жана спорттун экстремалдык түрлөрү федерациясынын өкүлү ачты», — деп айтылат маалыматта.