Бишкекте Алмаз Супатаев унаа оңдоочу жайдан чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

22-сентябрь күнү Биринчи май РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда 1989-жылы туулган бир тууганы Алмаз Супатаевди издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган, себеби ал жаран ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Профсоюз көчөсүндө жайгашкан машина оңдоочу жайлардын биринен чыгып кеткен боюнча жүргөн жери белгисиз.

Өзгөчө белгилери: 2-топтогу майып, түшүнүктүү сүйлөй албайт.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48, 0(507) 23-12-98 ошондой эле “102” кыска номерге кабарлоону өтүнөбүз.