Бишкекте “Алтын-Казык” атындагы жаңы мал базар ишке кирди

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Маевка аймагына караган тарапта “Алтын-Казык” аттуу жаңы мал базар эшигин ачты.

Бул саамалыкка Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев катышты. Министр өз сөзүндө ачылып жаткан жаңы мал базар Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык иштеп баштаганын, анткени, борбор шаарда буга чейин иштеп келген мал базарлар, мал союучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербей келгенин белгиледи.

“Алтын-Казык” базары заманбап талаптарга ылайык курулуп, майда малдардын тазалыгы үчүн атайын пластик такталар алынып келинген. Ошондой эле, ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана , суткасына 200 бодо, 300 майда мал союучу касапкана жайгашкан.

Бишкек мэриясы эми бул жаңы базарга “Жантай”, “Пригородный”, “Эски Толчок” “Нарбото” мал базарлары көчүрүлөөрүн, ошондой эле 20га чукул талапка жооп бербеген мал союучу жайлар жабылаарын билдирген. Базардын администрациясынын айтымында, жаңы базардын жалпы аянты 4 гектарды ээлеп, 1520 майда мал, 600 бодо мал үчүн атайын жабык орун даярдалганын, андан тышкары ишенби, жекшенби күндөрү сырттан мал сатууга келген фермерлер үчүн кенен орун бар. Долбоорго жалпысынан 200 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.