Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг өттү. Митингге чыккандар Бейшеналиевди кайра кызматка коюуну талап кылышып, «реформасын улантсын» дешти.
Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан бошотулган. Ал ошол эле күнү Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борборуна жетекчи болуп дайындалган. Кийин белгисиз мөөнөткө өлкөдөн чыгып кете турганын айткан.